Күдөр үзбөй күтөм сени

Описание к видео Күдөр үзбөй күтөм сени

Күдөр үзбөй күтөм сени

Сөзү Барман Арзиевдики
Обону Рыспай Абдыкадыровдуку

Мен сени айлап күтпөй, күндө күттүм,
Мен сени бурганактуу түндө күттүм.
Зар болуп дидарыңды бир көрүүгө,
Дарактар шыбырашкан жерден күттүм.

Ай чыгат, асман толуп, жылдыз сызып,
Эңсөөлөр ээн талаа, жашыл шибер.
Эгерде жазга калсаң ишиң чыгып,
Жаз келет, жаздан салам айтып жибер.

Эрмегим ээн талаа, жашыл шибер,
Же башка табылдыбы баркың билер.
Күтөмүн келер жолуң күдөр үзбөй,
Күз калсаң, күздөн салам айтып жибер.

Кыйын го унутууга ал мезгилди,
Кызгалдак терип жүргөн жашыл шибер.
Кыйналып жүрсөң эгер көңүл өксүп,
Кымбатым, кыштан салам айтып жибер.

1988-жыл, 27-март. Шакафтар.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке