Иса Омүркулов - Кош канат

Описание к видео Иса Омүркулов - Кош канат

Иса Омүркулов - Кош канат
Слова:

Кара көзүң жагылса шамдай,
Кантип сага коёмун барбай?
Сүйгөн үчүн, дүйнөм бүтүн керемет кандай.

Кол кармашып, бактыга барбыз,
Куушкан аттай кагылган жанбыз,
Батып муңга, кантип мурда жашадык жалгыз?

Припев:
Эркелеп ак булуттан неге жаш тамат?
Эки жүрөк табышканда жаз башталат.
Бийик учат махабат кушка айланып,
Биз экөөбүз - кош канат.

Сагынычтан качамын кайда?
Сага карай шашамын кайра.
Сүйбөгөнгө, күйбөгөнгө,
Барбы экен айла?

Жамгыр жааса койбогум келбейт,
Жалындаган жан барбы мендей?
Кара мына, карааныңа толкудум көлдөй.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке