Акыйкаттын жарчысы- Малкольм Икс

Описание к видео Акыйкаттын жарчысы- Малкольм Икс

Google Trends сервисинин изилдөөсүнө ылайык 2004 жылдан 2020 жылдын аралыгында эң көп интернет аркылуу изделген жана окулган китеп бул инсандын өмүр баяны. Аны Алекс Хэйл анын өз оозунан жазып калган жана бул белгилүү адамдын өмүр таржымалы мусулмандар үчүн да абдан маанилүү.
Анткени бул инсан жашоосунда он миңдеген , ал эми өлүмүнөн соң Түштүк Америкада 3 млн адамдын Ислам кабыл алуусуна себебчи болгон. Ал кара түстүүлөрдүн расизмге каршы күрөшүүсүнүн символуна айланган. Тарыхта эң таасирлүү кара түстүү лидер, АКШдагы Исламдын массалык жайылуусуна себебчи болгон инсан. Анын кыска жашооосу, күрөшү жана ишеними динине, улутуна жана ишенимине карабай көптөгөн адамдарда азыркыга чейин кызыгуу жаратат. Учурда батыш өлкөлөрүндөгү Ислам үгүттөчүлөрү бул кишини устазы жана жол башчысы катары көрүшөт. Жалындуу сөздөрү жана чечендиги көпчүлүгүбүзгө үлгү болгон бул кишини ислам ааламы ажы Малик аш-Шаббаз, ал эми дүйнө Малкольм Икс аты менен тааныйт.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке