Жаш мезгилинде ийгиликке жеткен мусулмандар

Описание к видео Жаш мезгилинде ийгиликке жеткен мусулмандар

Учурда жашы 20га эмес, 30га чыкса да жашоодогу өз максатын билбегендер нечен. Европа өлкөлөрү акыркы чейрек кылымдан бери 13 жаштан 19 жашка чейинки жаштарга “тинейджер”- teenager деген наам берип келет. Англисче teenager сөзү эки бөлүктөн турат: teen- бул 13-19 чейинки сандардын акырында келчү мүчө, ал эми age- жаш дегенди билдирет. Батыш психологиясы бул жаштагы балдарды “өспүрүмдүк мезгил- подростковый период” деп, алардын туура эмес кылык-жоруктарына көз жумуп коюуга чакырат жана аларды жоопкерчилик, аракет деген сапаттарга кайдыгер кылып тарбиялайт. Жаш балдарга акыл үйрөтүп, насаат берүүдөн тыйат. Бул өткөөл мезгилде инсан калыптанып, анын мүнөзү өтө сезимтал болот деп ишендирет.
Албетте бул мезгил адам баласынын жашоосунда өтө маанилүү бир доор, ушул мезгилде жаш улан-кыздар өз руханий, илимий жана турмуштук фундаментин түптөйт эмеспи. Аккан арыктан суу агат демекчи,динибиздеги жаштардын орду канчалык экенин тарыхка бир кылчайып карап көрөлү. Учурда “сүйүп калдым”, “ ата-энем мени түшүнбөйт”, “менин да жекече жашоого укугум бар”, “телефон алып бергиле” деген жаш мусулмандардын ата-бабалары алардын жашында кандай ийгиликтерге жеткен? Видеодон кеңири маалымат ала алсыз.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке