ММА, UFCнин чыныгы жүзү!

Описание к видео ММА, UFCнин чыныгы жүзү!

Байыркы Рим. Согуш учурунда каза болгон аскер башчыны эскерүү зыйнаты. Колго түшкөн туткундар ошол доордун бутпарас жана отпарас ишенимине ылайык ал күнү курмандыкка чалынаар эле. Бирок кийинчирээк римдиктердин бул адатына жаңылык кирип, мындан ары колго түшкөн туткун кулдар өз ара мушташа баштайт. Жеңилгени курмандыкка чалынып, жеңгени аман калчу. Ошол эле учурда көрүүчүлөргө укмуштуудай оюн-зоок тартууланаар эле. Муну байкаган рим төбөлдөрү мындан ары бул оюн-зоокту өз саясий кызыкчылыгына иштете баштайт. Ал мезгилде калайык бат-баттан бийликке нааразычылыгын билдирип, каршы чыгып улам эскисинин ордуна жаңы бийликти орнотуу өнөкөтү күчөп турган. Дал ошол элдин нааразычылыгын алдын алуу жана аларды алаксытуу максатында кулдардын оюн-зоогу эми мамлекеттик деңгээлде уюштурула баштайт. Тарыхта жогорудагы кулдардын кандуу тирешин гладиаторлордун салгылашуусу деп аташкан. Ооба, байыркы Римде бийлик өкүлдөрү каалагандай өкүм сүрүү жана кол астындагыларды караңгы абалында кармоо үчүн элге нан таратчу жана узакка созулган оюн-зоок уюштурчу. Мындай абалда элдин курсагы ток, ал эми ою ар дайым оюн-зоок менен алек болуп, келчекти ойлобойт эле. Ал эми бийлик өкүлдөрү үчүн кулдардын көтөрүлүшүнөн коркпостон башкарууга өбөлгө түзүлгөн.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке