"ЖОЛУГАБЫЗ АЗ КҮНДӨ" Сөзү. Ашыраалы Айталиев.Обону Керим Жакшылыков. Автордун аткаруусунда.

Описание к видео "ЖОЛУГАБЫЗ АЗ КҮНДӨ" Сөзү. Ашыраалы Айталиев.Обону Керим Жакшылыков. Автордун аткаруусунда.

Көлдүн жееги бирге басып салкындап,
Жайдар мүнөз, жаз күнүндөй жаркылдап.
Жумшак шамал бетти аймалап сыласа,
Майда толкун жээкке урунат шарпылдап.
Кошкун дедиң көпкө карап, кол булгап,
Кете бердим пароходдо калкылдап.

Эми алысмын, куса болом самасам,
Бир жүргөнсүйт күлүп сенин тамашаң.
Түбөлүктүү өмүрүмдүн шериги,
Жаным сүйүп, жалгыз сени жаратам.
Ашыктыгым ого бетер артылат,
Сагынганда сүрөтүңдү карасам.

Жазган катың, жанга кубаныч кийирет,
Кееде ойлоном тынч ала албай күбүрөп.
Кыял деген күлүк нерсе эмеспи,
Сага жетип, кайра мага жүгүрөт.
Кара көзүм кандай жүрөт дегенсип,
Курган жүрөк кээде коёт дүкүлдөп.

Ар бир мүнөт, элестериң көңүлдө,
Унутпастан эстейм өзүң жөнүндө.
Сары алтын дейт түбү келип сабырдын,
Сагынуунун зардабына жеңилбе.
Аз күн калды жолугушчу убакыт,
Сен узаткан Ыссык-Көлдүн жеегинде.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке