"Ак Шоола" балдар хору, Сайкал Садыбакасова - Кыз-бала

Описание к видео "Ак Шоола" балдар хору, Сайкал Садыбакасова - Кыз-бала

Музыка и слова Гульмиры Эсенгуловой

Текст:

Нур кыздардын нурунан
Ай-жылдыздын сырынан
Аян алып ааламдан, эй
Жаралат го кыз бала
Бүчүрүнөн гүлдөрдүн
Бүтүмүнөн күндөрдүн
Бүтүн болсун бул дүйнө деп
Жаралат го кыз бала

Ар бир үйдө ай жүздүү
Өссүн эрке кыз бала
Ата-энесин бактыга, эй
Бөлөй берсин кыз бала
Ах, кыз бала, кыз бала
Маңдайыңдан нур жана
Жарык чачкан жакшы кыз бол
Кыргыз элдин, эй, багына

Курдашмын деп апама
Кубатмын деп атама
Кучагына бакыт кармап
Жаралат го кыз бала
Назик, бирок, намыскөй
Уулга бербес кыз бала
Намыс үчүн кырчындай, эй
Жанын кыйган кырк кыз да!

Асыл болот кыз бала
Апа кызын барктаса
Датка болот кыз бала, эй
Ата акыл сөз айтса
Асыл болуу кыйынбы
Кызга багуу жарашса
Датка болуу кыйынбы, эй
Кызды эли барктаса

#АкШоолаБалдарХору #ДетскийХорАкШоола #СайкалСадыбакасова

Комментарии

Информация по комментариям в разработке