"Ак Шоола" балдар хору - Кыргызстан

Описание к видео "Ак Шоола" балдар хору - Кыргызстан

Песня Гульмиры Эсенгуловой
Слова Шайлообека Дуйшеева

Текст:

Ала-Тоом кымбат атамдай,
Адыр, төр – кутман апамдай.
Агын сууң, дайраң – балдарың,
Ай-күнүң турсун азайбай.

Көк асман, көлүң – берметиң,
Көк жашыл көркөм келбетиң.
Көзүмдөй болгон кыргыз жер,
Көралбас жандар келбесин.

Кайырма:
Алтыным, кутманым Кыргызстаным,
Кымбатым, Кызыл туум – Кыргызстаным!

Эми биз кичик балабыз,
Эң жакшы билим алабыз.
Энемдей ыйык Мекеним,
Эр жетсек сени багабыз.

Баарысы эңсеп карашкан,
Бактылуу сүйкүм таң аткан.
Мекеним менин Кыргызстаным,
Мээримиң бизге жарашкан.

Кайырма:
Алтыным, кутманым Кыргызстаным,
Кымбатым, Кызыл туум – Кыргызстаным!

#АкШоолаБалдарХору #ДетскийХорАкШоола

Комментарии

Информация по комментариям в разработке