Мигрант: Балдарымды түшүмдө көрүп, сагынычым тарайт

Описание к видео Мигрант: Балдарымды түшүмдө көрүп, сагынычым тарайт

Айпери Сайдали кызы жолдошу менен ажырашкандан бери балдарын бир көрүүгө зар. Анын айтымында, мурдагы күйөөсү 2021-жылдан бери үч баласы менен сүйлөштүрбөй, жолуктурбай келет.
Мигрант келин жолдошу менен 2019-жылы Орусияга иштегени барган. Бирок ал жакта жубайлар 1,5 жылдай эле чогуу жашаган. Айпери күйөөсүнүн ур-тепкисине чыдабай, эки ажырым жолго түшүүнү туура көргөн.

Ошондон бери Айпери балдарын көрө элек, байланышуу аракетинен майнап чыккан эмес.

Учурда ал Москвада кийим тигүүчү цех ачып, улуу кызынын атынан дизайнерлик кийимдерди чыгара баштаган.

"Мигрант медиа" Айперинин мурдагы күйөөсү менен байланышты. Ал балдарга энеси менен көрүшүүгө жолтоо болбой турганын айтууда.

Видеону “Азаттыктын” “Мигрант медиа” долбоору даярдады.   
  
Чет жердеги журтташтар!   
  
Эгер биз менен бөлүшө турган ийгилигиңиз же көйгөйүңүз болсо “Мигрант Медиа” долбоорунун +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз.  
  
#MigrantMediaCentralAsia     #мигрант #орусия #үйбүлө

_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке