Айжамал Кабылова "Айта бар арманымды" Архив.

Описание к видео Айжамал Кабылова "Айта бар арманымды" Архив.

"Айта бар арманымды"
Алыстан сапар тартып,
Айдың кеч кербен келет.
Тааныштай ээрчип аны,
Көк менен булут сүзөт.
Шыңгыры коңгуроонун,
Угулат кулагыма.
Алаксыйт көңүл кушум,
Ашыктык ырларына.

Кайырма:
Сырдашып аппак булут,
Ырдасам ыйлап барат.
Гүлгө окшоп турсам сонун,
Аяйт го, атаганат.
Дайрадай акканымды,
Шамалдай шашканымды.
Ак булут, ак куу болуп,
Айта бар арманымды.

Жымыңдап жылдыз көктө,
Жылгада жатсаң көрөт.
Апаппак булут менен,
Кошулуп кетким келет.
Кыйырсыз чексиз аалам,
Бар болуп калганын көр,
Ырчыга ошол дүйнө,
Тар болуп калганын көр.

Кайырма:
Сырдашып аппак булут,
Ырдасам ыйлап барат.
Гүлгө окшоп турсам сонун,
Аяйт го, атаганат.
Дайрадай акканымды,
Шамалдай шашканымды.
Ак булут, ак куу болуп,
Айта бар арманымды.

Кабарлап койсоң кана,
Үнүңдү угар болсом,
Үмүткө жетелене,
Сагынып күткөн болсоң.
Ак булут айтып барар,
Ак сүйүүм, махабатым.
Кербендер айтып барар,
Кусалуу жүрөк дартын.

Кайырма:
Сырдашып аппак булут,
Ырдасам ыйлап барат.
Гүлгө окшоп турсам сонун,
Аяйт го, атаганат.
Дайрадай акканымды,
Шамалдай шашканымды.
Ак булут, ак куу болуп,
Айта бар арманымды.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке