Византияны чөгөлөткөн- Харун ар-Рашид

Описание к видео Византияны чөгөлөткөн- Харун ар-Рашид

Анын башкаруусунун көркү жана даңазасы ушунчалык болгон, ошол кылымды «куттуу кылым» деп аташкан. (Ал Масуди)
Пайгамбар, же чыныгы аалым жар салган күчтүү ыйман – улуу жана күчтүү дөөлөттү курууга керектелген жалгыз пайдубал! (Ибн Халдун)
1001 түн жомогун баарыбыз эле билип калдык окшойт. Жомокто ар түнү үйлөнүп, таңга жуук аялын өлтүргөн заалым падыша сүрөттөлөт. “Бул заалым падышанын прототиби атактуу Харун Рашид”-дешет батыш адабиятчылары. Акылга сыйбаган бул жомок дүйнөнүн өтө көп тилдерине которулуп, кинолор, мультфильмдер тартылды. Атүгүл Исламдын душманы болгон советтик режим да бул жомокту орусчага которуп, кинолорду тартып жетишти. Эмне үчүн? Ислам дүйнөсүндө эсепсиз чыгармалар, улуу инсандар турса эмне үчүн дал ушул бузукулука үндөгөн “1001 түн” жомогун алышып, жайышты. Себеби бул чыгарма “мусулмандардын арасында бузукулук жайылган болчу”-деген жалган жалааны жайып, улуу тарыхый инсандарга кара көө сүйкөгөн пропаганданы курамында алып жүрөт. Батыш пропагандасы Ислам дүйнөсүнөн бир инсанды пропаганда кыла баштаса ушуну билели, демек ал инсан алардын кызыкчылыгына ылайык келген бир бейне. Болбосо батыш жөндөн жөн биздин чыгаандарды мактап жактабайт. Малала сыяктуу инсандарга бекеринен нобель сыйлыгын берип, анын китебин, фильмдерин бекеринен дүйнөгө жайбайт. Ооба, Малала жаш кезинде адилетсиздике, зулумдука дуушар болгон. Зулумдука Ислам дини карманча каршы. Мындай пропагандалар менен “Ислам аялдардын укугун тебелейт” деген жашыруун ишаараттарды адамдардын аң сезимине, айрыкча тез таасирленүүчү болгон аялзатынын аң сезимине сиңирүүдө. А чынында Малаладан да көп кордук көргөн мусулман аялдары өтө көп. Африканын, Палестинанын, Ирактын, мурдагы Түркестан, азыркы Орто Азиянын укугу тепселенген, кордолгон миллиондогон аялдары бар! Алар неге айтылбайт. Бул жерде байтыштын пайдасына чечиле турган чоң кызыкчылыктар бар. Ошол эле кезде батыш мусулмандардын арасынан чыккан, өздөрүнүн кызыкчылыгына ылайык келген чыгаан инсандарды, молдолорду, чыгармачылдарды колдоп көтөрмөлөйт. А Исламдын, мусулмандардын кызыкчылыгы үчүн кадам таштагандарды же жок кылат, же Султан Сулаймандай дүйнө кызыкчылыгына берилген напсинин кулу кылып таанытат, же Эрдогандай диктатор катары таанытат, же басмачылардай баш алгыч катары таанытат. Булардын бирөөсү Харун Рашид!

Комментарии

Информация по комментариям в разработке