Китеп "кыргынын" уюштурган батыш маданияты

Описание к видео Китеп "кыргынын" уюштурган батыш маданияты

Биз инстаграмда:   / teleskopkg  
Биз Фейсбукта:   / teleskopkanaly  

Адамзат тарыхында бүткүл “тавхидди” жайылткан пайгамбарларга Жараткан тараптан вахийлер, аяндар келген. Жазуу башталган күндөн тарта бул аяндар баракчаларга, андан кийин болсо китептерге түшүрүлө баштаган. Мезгилдин өтүшү менен бул аяндар адамдар тарабынан өзгөртүлүп, атүгүл жок да болуп кеткен.
Пайгамбарыбыз САВга түшүрүлгөн Ыйык Куран болсо ушул күнгө чейин бир тамгасы да өзгөрбөстөн сакталып келүүдө. “Оку!”-деп түшкөн Курандын алгачкы аяты. “Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен!” Бул кереметтүү аяттан кийин Аллах “Ал инсанды уюган кандан жаратты.”-деп жатат. Адамзат үчүн түшкөн алгачкы аят “Оку, Жараткан Раббиңдин б.а. тарбиялоочуңдун аты менен”-болсо, андан кийинки аят уюган кандан жаралган инсан тууралуу болууда. Илимий-анатомиялык маанини да камтыган бул аят медициналык акыйкатты ачып берүүдө адамзат үчүн. Андан кийинки аятта болсо кайра эле: “Оку, сенин Раббиң эң улук Зат!”-деп келүүдө. Б.а.“Аалам Аллахтын эң улуу чыгармасы экендигин оку!”- деп буюрууда. Ооба адамзат үчүн түшкөн 3-аят кайра эле окууга буйрук кылып жатат. Андан кийинки 4-5-аяттарда болсо Аллах: “Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү. Инсанга билбегенин (Кураанды жана башка илимдерди) билгизди.” –деп жатат. Ооба, бул жерде адамзатты окууга үйрөнүүгө, изилдөөгө, ачылыштарды жасоого, илим-билим менен жуурулушууга буюрууда Жараткан. Бул буйруктун негизинде нечелеген илимпоздор, илиий ачылыштар жасалды Ислам дүйнөсүндө. Ал ачылыштардын нуру тээ караңгы Европага атүгүл, океандын ары жагындагы америкаларга чейин барып, ал жакты да нурдантты. Натыйжада илим-билимге таянган коомдор пайда болуп, улуу дөөлөттөр калыптанды. Ооба, биз аалымдын сыясын шейиттин канына окшоткондордонбуз. Буга далил катары Ислам дүйнөсүндөгү эски тарыхый китепканаларды, илим изилдөө борборлдорун, университет, академияларды жана ал жерде колдонулган китептерди айта алабыз. Ар бир дөөлөт өз өлкөсүндө илимпоздорду, илим борборлорун, китепканаларды курууга ашыккан. Бирок тилеке каршы убакыттын өтүшү менен, ар кандай согуштардын, диктатуранын натыйжасында өтө көп китепканалар жана китептер өрттөлүп кеткен. Анын артынан өтө көп баалуу китептер бизге жетпей калган. Ооба бүгүн дегеле дүйнө жүзү боюнча өрттөлгөн китептер тууралуу сөз кылабыз. Даяр болсунуздар баштай берели...

Комментарии

Информация по комментариям в разработке