Керим Турапов - Туулган жер. Оркестрдин коштоосунда. Апам жапкан нанды сагынам.

Описание к видео Керим Турапов - Туулган жер. Оркестрдин коштоосунда. Апам жапкан нанды сагынам.

Улуттук Филармониянын Асанкан Жумакматов атындагы Мамлекеттик Академиялык Симфониялык Оркестри.

Сөзү, Обону: КРнын Эл Артисти, Улуттук Филармониянын солисти Керим Турапов.
Автордун аткаруусунда.
Дирижер: КРнын Эл Артисти, Рахатбек Осмоналиев.

Туулган жерди сагынуу.
Кылымдардан кылым карытып,
Кызыл-Суунун суусу агылып.
Бал жыттанган таттуу кымыздай,
Туулган жердин суусун сагындым.
Жүрсөм дагы алыс араңдан,
Ата Журтум кетпейт санаамдан.
Акыл айтып, асыл кеп айткан,
Аталардын кебин сагынам.

Сары-Ой менен Көк-Ой тоосунан,
Бүркүт шаңшып, күкүк сайраган.
Ышкын терип аска-зоосунан,
Жүргөн күнүм эстеп сагынам.
Жылаңайлак, чырпык ат минип,
Жылгалардан тунук суу кечип.
Балтырымды тилип караган,
Балалыгым эстеп сагынам.

Коңур-Дөбө - жайлоо, жашыл төр,
Коңур желдүү, салкын, асыл жер.
Кокту, белес, күнгөй-тескейден,
Кой кайтарган күнүм сагынам.
Түндүгүнөн түтүн булатып,
Апам жапкан нанды сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам жүргөн жерди сагынам.
Үйүр-үйүр жылкы айдаган,
Атам конгон журтту сагынам.

#жаныырлар #кыргызстан #кыргызчаырлар #жаныклип #ырлар #тансыры #керимтурапов #туулганжер #хитырлар #атамекен

Комментарии

Информация по комментариям в разработке