Мөлмөлүм- Өмүрзак Кайыпов. Оркестрдин коштоосунда. Улуттук филармония. Барпы Алыкулов.

Описание к видео Мөлмөлүм- Өмүрзак Кайыпов. Оркестрдин коштоосунда. Улуттук филармония. Барпы Алыкулов.

УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯНЫН, КАРАМОЛДО ОРОЗОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ.   / karamoldo_kg  

Улуттук Филармониянын Инстаграм баракчасы:   / filarmoniia_kg  

Улуттук Филармониянын расмий сайты: https://filarmoniia.kg/

Сөзү : Барпы Алыкулов
Обону : Токтосун Тыныбеков
Аткаруучу: КР эмгек сиңирген артисти, Улуттук филармониянын солисти Өмүрзак Кайыпов   / omurzakkaiypov  
Дирижер: КРнын эмгек сиңирген артисти Асылбек Насирдинтегин
  / asylbek_nasirdintegin  

Мөлмөлүм
Беттин көркү нур менен, Белдин көркү кур менен.
Биз сүйгөн сулуу Мөлмөлүм, Белгилүү болсун ыр менен.

Эки илабиң — кызыл гүл Ачылгандай, Мөлмөлүм,
Бир карасаң — жүрөккө от Чачылгандай, Мөлмөлүм.
Маңдай чачың — Маргалаң Жибегиндей, Мөлмөлүм.
Сенин ышкың – баланын Тилегиндей, Мөлмөлүм.
Гүлзар кылчы жүрөктүн сен, Какшып жаткан чөлдөрүн.

Күйдүм, Мөлмөл, аппагым, Ааламдан сендей таппадым.
Издеп-издеп күнү-түн: — Мөлмөлүм! –деп какшадым.
Секин баскан бутуңдан, Сейдана мончок жытыңдан.
Кадам койгон бутуңдан, Калемпир мончок жытыңдан.

Айдап-айдап мал бербей, Айры өркөчтүү нар бербей;
Сүрүп-сүрүп мал бербей, Сүйрү өркөчтүү нар бербей,
Тартууга берсем өзүмдү Алар белең, Мөлмөлүм?
Ашыглыкка бир дабаа Табар белең, Мөлмөлүм?
Же, мал бербей, өзүн берет деп, Өлөсө кимге керек деп,
Чанар белең, Мөлмөлүм?

Берейин десем малым жок, Мал табууга алым жок.
Кедейликтин дартинан, Тышым жалын, ичим чок.
Маңдайга жазган ушубу?.. Чечалбадым мен ойлоп.
Бирок да мунун баарына, Карабайт экен көңүл шок:
Миң азапка кайылмын,
Көрүнүп койсоң бир жолу, Булуттан чыккан айга окшоп.

Көрүнүп койсоң бир жолу, Булуттан чыккан айга окшоп.

Пикир жазыңыз, класс, лайк, өрт смайликтерин жөнөткөндү унутпаңыз. Колдооңуздар үчүн биздин коллектив ар дайым ыраазыбыз!

#кыргызстан #кыргызчаырлар #жаныклип #ырлар #ош #бишкек #мөлмөлүм #хитырлар #жаныырлар

Комментарии

Информация по комментариям в разработке