Миргүл Асанова - Бульварым | Оркестрдин коштоосунда жандуу үн. Улуттук филармония.

Описание к видео Миргүл Асанова - Бульварым | Оркестрдин коштоосунда жандуу үн. Улуттук филармония.

УЛУТТУК ФИЛАРМОНИЯНЫН, КАРАМОЛДО ОРОЗОВ АТЫНДАГЫ КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК АКАДЕМИЯЛЫК ЭЛ АСПАПТАР ОРКЕСТРИ.

Улуттук Филармониянын Инстаграм баракчасы:   / filarmoniia_kg  

Улуттук Филармониянын расмий сайты: https://filarmoniia.kg/

Сөзү : Т.Имашевдики
Обону : С.Жумалиевдики

Аткаруучу: Миргүл Асанова   / mirgulasanova_  
Дирижер: Легендардуу маэстро Сардарбек Жумалиев

"Бульварым"

Толгон өмүр жазы болуп турганың,
Толкунданткан жүрөк оту, жыргалым.
Фрунземе күндө жаңы көрк кошуп,
Гүл жыттанып, сүйкүмдөнөт бульварым.

Обонумдун күүсүн арнап ырдагын,
Ойлоруңдун гүлүн терип ыйгардым.
Жайы-кышы шайырланып, кулпунуп,
Жаштык кечтин салтанаты - бульварым.

Сөөлөтүңдөн сага теңдеш таппадым,
Саймаланган жашыл ыраң, жаш шаарым.
Сергектентип кары-жашка дем берген,
Сүйүү толгон сулуу көчөм - бульварым.
Сансыз өмүр ырахатка бөлөнгөн,
Сыймык толгон сулуу аллей бульварым.

#кыргызстан #кыргызчаырлар #жаныклип #ырлар #жаныырлар #улуттукфилармония #бишкек #ош

Комментарии

Информация по комментариям в разработке