Арзыбек Бедияров & Жолукчу жоодураган акмаралым

Описание к видео Арзыбек Бедияров & Жолукчу жоодураган акмаралым

Обонун жазган А.Бедияров.

Сөзүн жазган Э.Ибраев.

Акмаралым

Өмүрдө өкүнүү бар, кубануу бар,
Өмүрдө бүтүү бар да, улануу бар.
Үзүлгөн жолду кайра жалгайлычы,
Өзүңдөн суусап күткөн сурануу бар.

Таарынба, ташта баарын, ташта баарын,
Эңсеткен сагынычтан башкаларын.
Желектей желбиретип жоолугуңду
Жолукчу, жоодураган акмаралым.

Алоолоп жүрөгүмдө жанган жалын,
Ак куу ким, сен ким, көлдө айыра албадым.
Сагынчым сабадагы саамал болду,
Таркатчы, жоодураган жайдарманым.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке