ӨМҮР КЕРБЕН - СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ жаңы ыр 2020

Описание к видео ӨМҮР КЕРБЕН - СЫЙМЫК БЕЙШЕКЕЕВ жаңы ыр 2020

ӨМҮР КЕРБЕН
Сөзү: Назима Алмазбекова
Обону: Сыймык Бейшекеев

Жашоо - жагымдуу, жакшынасың,
Жашоо - бат өтүп шаштырасың.
Жашоо, өмүрдөн алып бизди,
Өчүрбөй изибизди Элести калтырасың жашоо

Жашоо ачык кыл күнүбүздү,
Жашоо жарык кыл жүзүбүздү.
Жашоо эл журтка кызмат кылып, Калтырчы изибизди жашоо.

Тагдыр, ачык кыл колдорумду,
Тагдыр, тазартчы ойлорумду.
Тагдыр, ташыркап сыгылбайын,
Тоспочу жолдорумду тагдыр.

Тагдыр, такадай кагылбайын,
Тагдыр, түйшүккө малынбайын.
Тагдыр, таразаң калыс болсун,
Тар жолдо чалынбайын тагдыр

Өмүр, оомат бер балдарыма,
Өмүр, бакыт бер алганыма.
Өмүр, өлкөбүз бекем болсун,
Элибиз эсен болсун
Ыраазымын калганына өмүр

Өмүр, жарык кыл жүзүбүздү
Өмүр, ачык кыл күнүбүздү
Өмүр, өзүңдө ыйласам да
Билесиң сүйөрүмдү өмүр.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке