Жолдошбек Мамажанов "Алма гүлү" автор ырдайт

Описание к видео Жолдошбек Мамажанов "Алма гүлү" автор ырдайт

"Алма гүлү"
Сөзү : Ж.Сыдыковдуку
Обону : Ж.Мамажановдуку

Канча ирет аппак болуп алма гүлү,
Канча ирет куурап түштү гүлдүн бүрү.
Калган бейм ал гүлдөрдүн далдаасында,
Кыз жандап жүргөн кезим кечээ күнү,

Ишенбейм сен "улгайдың" десең мага,
Боз улан эмес белем кечээ гана.
Ал кезги махабатты эстеп алып,
Азыр да жүрөгүмдө сыздайт жара,

Ах, чиркин, сонун мезгил артта калып,
Түнкү оттой тээ алыстан бүл-бүл жанып.
Тутантат куса болгон жүрөгүмдү,
Ээрчитип, өзүн көздөй тартып алып,

“Дүрт” этип, махабаттан келсе мээрим,
Дагы эле келет сага эркелегим.
Кайдасың, айтсаң боло, кызыл алма,
Кайдасың жүрөгүмдүн эңсегени.

Кайрадан жаз жадырап мына бүгүн,
Аралап, тиктеп турам алма гүлүн.
Элесиң көз алдыма келе калып,
Угулду кулагыма сенин үнүң,

Комментарии

Информация по комментариям в разработке