Жолдошбек Мамажанов Сүрөтүңө

Описание к видео Жолдошбек Мамажанов Сүрөтүңө

"Сүрөтүңө"

Сөзү : Ж. Садыковдуку
Обону : Ж. Мамажановдуку

Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен, түштүң экен күлүмсүрөп.

Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп, эч болбосо беттен бир өөп.

Өппөдүм, мейли өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.
Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,
Башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.

Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
Же тытып сүрөтүңдү же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде сүрөттө эмес,
Сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.

#музыка #автор #баткен #кадамжаймедиа

Комментарии

Информация по комментариям в разработке