Парламент Мадумаровду жоопко тартууга уруксат береби? ЭКСПЕРТТЕР ТАЛДАЙТ

Описание к видео Парламент Мадумаровду жоопко тартууга уруксат береби? ЭКСПЕРТТЕР ТАЛДАЙТ

Башкы прокуратура оппозициячыл депутат Адахан Мадумаровду жоопко тартууга уруксат сурады. Мадумаровго карата төрт берене менен кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Мындай жол менен бийликтин башкы оппонентине айланган саясатчыны жоопкерчиликке тартуу маселеси кезектеги жолу парламенттин колунда турат. Мындай кырдаал бийликтин коррупция менен күрөштү күчөтүп, убадаларды берген учурга туш келди. Мадумаровдун иши бийлик оппозиция мамилесинде эмнени аныктайт жана соңку кырдаал саясий абалга кандай таасирин тийгизет? Бул суроону бүгүн саат 16.00дө «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» программасында талкуулайбыз. Талкууга саясатчы Өмүрбек Суваналиев, Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана жарандык активист Шайырбек Маматокторов катышат

#ЭксперттерТалдайт #Мадумаров #парламент
_________________________________________
"Азаттыктын" тиркемесин көчүрүп алыңыз.
Шилтемеси:
IOS https://apps.apple.com/us/app/id15214...
Android https://play.google.com/store/apps/de...
Биздин сайт - https://www.azattyk.org/​
Instagram -   / ​  
  / ​  
Фейсбук -   / azattyk.org​  
  / azattyk​  
Ютуб -    / @azattykradiosu  
Телеграм - https://telegram.me/Azattyk_radiosu​
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке