Бир ырдын баяны: "Мунарым"

Описание к видео Бир ырдын баяны: "Мунарым"

Элмирбек Иманалиевдин "Мунарым" деген ырынын тарыхы.
#бирырдынбаяны
#бирырдынтарыхы
#элмирбекиманалиев
#мунарым
#элмирбек

"Мунарым"
Эстесем көлдүн кууларын,
Эстеймин сени, Мунарым.
Ал күндүн тагы өчпөгөн,
Азыр да ойлоп турамын,
Азыр да эстеп турамын.

Көңүлүм сүйгөн ынагым,
Көл жээги турган турагың.
Көрүнүп калып кокустан,
Көрүнүп калып капыстан,
Көйгөйгө салдың, Мунарым.

Он алты жашта курагым,
Ойлоно берип куурадым.
Оймоктой бала чагымда,
Оймоктой бала кезимде,
Ок атып койдуң, Мунарым.

Көл дагы турган мелтиреп,
Көңүлгө көп ой энчилеп.
Жалжалым, калдың узатып,
Жалжалым, калдың суранып,
"Жайында кайра келчи" деп.

Албырып оттой жанамын,
Айткандан кантип танамын?
Жаңылбайм айткан сөзүмдөн,
Жайында сага барамын,
Жайында кайра барамын.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке