"АК ЧАРДАК" Сөзү. обону. Алымбек Коробаев. Автордун аткаруусунда.

Описание к видео "АК ЧАРДАК" Сөзү. обону. Алымбек Коробаев. Автордун аткаруусунда.

Таң алдында таттуу махабат,
Көл толкуну улам каратат.
Дал ошондо күүлөп канатын,
Кийген өңдүү аппак халатын,
Ойкуйт да,кайкыйт Ак чардак.

Көл четинен көөлгүп күн чыгат,
Келбөөчүдөй кайра жай сызат.
Бирок менин махабатым,
Айланчыктап артта калат,
Көрүнө да калса Ак чардак.

Көл түбүндө сүзөт Ак чабак
Көл үстүндө сүзөт Ак чардак.
Издейм бирок таппайм өзүңдү,
Унутпаймын айткан сөзүңдү,
Кайдасың сүйгөн Ак чардак.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке