Жаңылыктар | 27.06.2024 | Уран казууга уруксат берилди, Орусия 10 миңдей чет элдикти согушка жөнөттү

Описание к видео Жаңылыктар | 27.06.2024 | Уран казууга уруксат берилди, Орусия 10 миңдей чет элдикти согушка жөнөттү

Орусиянын Тергөө комитетинин төрагасы Александр Бастрыкин эмгек мигранттарын өлкөдөн кетирүү үчүн Москва аларды Украинадагы согушка жөнөтүп жатканын билдирди. Фронтко алгач орус жарандыгын алгандар, кийин мигранттар тартыла баштаган эле.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда уран жана торий кендерине изилдөө жүргүзүүгө жана иштетүүгө уруксат берген мыйзамга кол койду. Беш жыл мурда тыюу салынган Кызыл-Омпол кенин казууга кайрадан жол ачылды.

Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышы үчүнчү сессиясын жыйынтыктады. Парламент соңку сессияда талаш жараткан мыйзамдарды кабыл алып, бир нече депутат мандатынан айрылды.
0:00 Анонс
1:03 Уран, туу, темир жол жана "чет элдик өкүл". Жогорку Кеңеш үчүнчү сессиясын аяктады
5:20 Кыргызстанда уран казууга уруксат берилди
6:55 Орусия 10 миңдей чет элдикти согушка жөнөттү
8:49 АКШ Орусияда кармалып жаткан журналист Эван Гершковичти азат кылуу үчүн аракеттерин улантарын билдирди.
12:16 Соцтармактагы кызыктарга келели. Президенттин карындашынын айланасындагы окуядан кийин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин тик учагынын ижарага берилиши жөнүндө талкуу кызыды. Ал арада шаардагы автобустардын иштебеген желдеткичтери да талкууга калды. Кырнеттин маанайын Нурболот Азамат баяндайт.
14:58 Кыргызстандын футбол курамасы Дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын кийинки баскычында Иран, Катар, Өзбекстан, БАЭ жана Түндүк Корея курама командалары менен беттешет.
16:25 Аягы

#уран #бүгүназаттыкта #бастрыкин #жанылыктар
_____________________________________________________________________
ЭСКЕРТҮҮ: Улут жана аймак аралык кастыкты козуткан, адамдын кадыр-баркына шек келтирген, уят сөздөр камтылган пикирлер өчүрүлөт.
Биздин сайт - www.azattyk.org
Instagram -   / azattyk.kg  
  / azattykmedia  
Фейсбук -   / azattyk.org  
  / azattyk  
Ютуб -https://www.youtube.com/channel/UCs_x...
Телеграм - https://t.me/Azattyk_radiosu
https://t.me/azattykrus

Комментарии

Информация по комментариям в разработке