Коррупциянын тамыры канткенде үзүлөт?

Описание к видео Коррупциянын тамыры канткенде үзүлөт?

Кыргызстандыктар өлкөдөгү эң курч маселелердин башкы сабында коррупция турат деп эсептешет. Бул тууралуу Эл аралык Республикалык институт жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгында белгилүү болду. Өлкө бийлиги коррупцияга каршы күрөш уланып жатканын айтканы менен жемкордукка каршы күрөштүн жүрүшүн көзөмөлдөгөн Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев бул иште президент “айланасындагы адамдардын туткунунда” калганын айтып чыкты. Эмне себептен өлкөдө коррупцияга каршы күрөштөн жыйынтык чыкпай жатат? Бул суроону “Эксперттер талдайт” берүүсүндө талкуулайбыз. Талкууга Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунун директору Эмилбек Каптагаев, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов, иликтөөчү журналист Болот Темиров, жарандык активисттер Самат Уранкай жана Акылай Каримова катышат. Талкууну Бакыт Асанов алып барды.

Комментарии

Информация по комментариям в разработке