8-кабаттан кулап кеткен Алия операцияга муктаж

Описание к видео 8-кабаттан кулап кеткен Алия операцияга муктаж

27 жаштагы Алия Эрмекова жарым жылдан бери төшөккө байланган. Ал 2023-жылдын 30-апрелинде Москва шаарында 8-кабаттан кулап кеткен. Анын эки буту жана омурткасы катуу жабыркаган. Алиянын басып кетүүсү үчүн омурткасына операция талап кылынууда. Ал үчүн 1 млн рубль керек.
Алия Москвага 15 жашында мигрант болуп барган. Алгач пол жууп, идиш жууп, үй жыйнап иштеп, кийин сулуулук тармагында эмгектенип келген. Алия эки кыздын энеси.
“Баскым келет, басып жүргөнүм түшүмө кирет. Кээде баспай калсам эмне болот? Кыздарымды ким карайт деп ойлоном”, - дейт Алия.

Видеону “Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору даярдады.

“Азаттыктын” “Мигрант Медиа” долбоору чет өлкөдөгү аялдарга арнап, бир айлык жарыялайт. Эгер биз менен бөлүшө турган ийгилигиңиз же көйгөйүңүз болсо +996 556 113 317 номерине WhatsApp/Telegram аркылуу жазыңыз. #MigrantMediaCentralAsia

Комментарии

Информация по комментариям в разработке